БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров аптанын соңунда Кытайда өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин лидерлери чогулган саммитке катышат.
Кытайдын ТИМинин жардамчысы Лю Бин Тяньцзинде өтчү саммит Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) тарыхындагы эң ири иш-чара болорун билдирди.
Белгилей кетсек, саммит 31-августтан 1-сентябрга чейин өтөт. Ага ондон ашуун эл аралык уюмдун жана 20 мамлекеттин башчылары катышмакчы. Кытай лидери Си Цзиньпин эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү айтылды.
Дипломаттын айтымында, жолугушууда мамлекет башчылар соода, илимий-техникалык инновациялар, коопсуздук жана ШКУнун Өнүктүрүү банкынын түзүлүшү боюнча маселелерди талкуулайт.
ШКУга Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Пакистан, Өзбекстан мүчө. 2024-жылдын июлунда Казакстанда өткөн ШКУ саммитинде Беларусь дагы уюмга толук кандуу мүчө болгон. Ал эми байкоочу өлкө макамында Афганстан жана Монголия катталган. Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, БАЭ, Түркия, Шри-Ланка жана башкалар өнөктөш мамлекеттер болуп саналат.