БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Кыргызстанда күйүүчү майга болгон баанын жогорулашы күтүлүп жатканын өлкөнүн Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.
Анда негизги импортер болгон Россияда күйүүчү майдын биржадагы баасы акыркы мезгилде бир нече жолу рекорд жаңылап, көтөрүлгөнү айтылган.
Кымбаттоонун башкы себеби катары сезондук муктаждыктын жогорулап жатканы белгиленген. Андан тышкары, мунайды кайра иштеткен заводдор дрон чабуулдарына учурап, оңдоо иштери өндүрүштүн темпин азайтууда.
Мындан улам рынокто сунуш азайып, баштапкы баа көтөрүлүп, июлдан тартып Кыргызстанда бензин жана дизелдин баасы акырындык менен өсө баштаган.
"Баа дагы көтөрүлүшү мүмкүн. Учурда нефтетрейдерлердин негизги милдети — рынокто тартыштыкка жол бербөө", — деп билдиришти ассоциациядан.