Өкмөт бир катар министрлик менен маморгандарга жаңы автоунааларды тапшырды

Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөдөгү үч министрлик менен бир катар мамлекеттик органдарга жаңы автоунаалардын ачкычын тапшырды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Маалыматка караганда, Кыргызстанда жасалган 30 даана Chevrolet үлгүсүндөгү автоунаа Энергетика, Айыл чарба жана Ички иштер министрликтерине берилсе, 21 машина "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасына, 12 авто "Кыргыз көмүргө" тапшырылды.
1 / 3

Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев үч министрлик менен эки органга жаңы автоунаалардын ачкычын тапшырды

2 / 3

Машиналар Айыл чарба министрлигине, Айыл чарба министрлигине жана ИИМге берилди

3 / 3

21 машина "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасына, 12 авто "Кыргыз көмүргө" тапшырылды.

"Урматтуу иш-чаранын катышуучулары, экономиканы өнүктүрүү үчүн ар бир тармак жемиштүү иштеши керек. Материалдык-техникалык базаны чыңдоо үчүн сатып алынган техника максаттуу пайдаланылып, сиздердин ишти жеңилдетет деген ишенимдемин", — деди Касымалиев.
Ал келгендерди Эгемендүүлүк майрамы жана жаңы автоунаалуу болушу менен куттуктады.
Ош шаардык мэриясына жеке ишкер 10 автоунаа белек кылды. Сүрөт