БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Германиянын канцлери Фридрих Мерц аймактык партиялык конференцияда сүйлөп жатып, жалпы элдин бакубаттуу жашоосун мамлекет мындан ары каржылай албай турганын айтты. Бул тууралуу The Daily Telegraph гезити жазганын РИА Новости билдирди.
"Өлкө бүгүнкү күндө жетишкен бакубаттуулукту мамлекеттин азыркы экономикалык абалы менен мындан ары каржылай албайбыз", — деген Мерц.
Германия канцлери миграцияны кыскартуу жана бизнести колдоо саясатын уланта турганын белгилеген.
Буга чейин 27-июнда Россия президенти Владимир Путин Беларуска болгон сапарынын жыйынтыгында Германия менен Франция экономикалык рецессиянын чегинде турганын билдирген.