БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Кыргызстанда эки ири ГЭСти курууга инвесторлор 6 миллиард доллардан ашык каражат салат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө Казарман жана Көкөмерен каскаддарына ГЭСтерди куруу пландалууда. Алардын жалпы кубаттуулугу 2,2 миң мегаватты түзөт. Долбоорду ишке ашыруу үчүн түрк ишкерлеринин "Орто Азия инвестициялык холдинги" түзүлгөн.
“Инвесторлор инвестиция катары алты миллиард доллардан ашык каражатты салууга кол койду”, — деди минкаб төрагасы.
Белгилей кетсек, Кыргызстандагы модернизацияланып жаткан эң ири Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1 200 мегаваттка жетет.