БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Газа секторунун түштүгүндөгү Насер ооруканасына Израиль сокку уруп, 14 киши каза болду. Бул тууралуу Al Jazeera телеканалы кабарлады.
Маалыматта анын төртөө журналист экени айтылат.
Маркумдардын тизмеси:
Мохаммед Салама (Al Jazeera оператору);
Хоссам Аль-Масри (Reuters фотографы);
Мариам Абу Дакка (Америкалык Associated Press менен кызматташат);
Моаз Абу Таха (NBC телеканалынын фотожурналисти).
Аскердик аракеттер башталгандан бери, тагыраагы, 2023-жылдан тарта жалпы жонунан 244 журналист набыт болгон.
Өткөн аптада Израилдин коргоо министри Исраэль Кац Газа шаарын басып алуу операциясын бекиткен. "Галей ЦАХАЛ" армиялык радиосунун маалыматы боюнча, операция 2026-жылга чейин уланат. Машыгуулардын эң жогорку чегинде ага 130 миңге чейин резервисттер тартылат. Операция "Гидеондун арабалары — 2" деген аталышка ээ болгон.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху августтун башында Газа секторунун бүткүл аймагына көзөмөл орнотуу ниетин билдирип, муну "коопсуздук периметрин камсыз кылуу" деп түшүндүргөн. Ал Тель-Авив кийинчерээк анклавды жарандык өкмөттүн башкаруусуна өткөрүп берүүнү пландаштырып жатканын кошумчалаган.
Бир нече өлкө, анын ичинде Египет жана Катар, Израилдин пландарын айыптады. Өткөн жумада алар ХАМАСка 60 күнгө созулган тынчтык келишимин сунуштаган. Макулдашуу ошондой эле 2023-жылдын 7-октябрында уурдалган израилдик туткундардын жарымын палестиналыктардын бир бөлүгүнө алмаштырууну карайт. ХАМАС бул сунушту колдогон, бирок Израиль жооп бере элек.