ЕАЭБдин түзүлүп жаткан бирдиктүү товардык биржасы кыргызстандык продукция үчүн ыңгайлуу платформа боло алат. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган биржа негизги үч багыт боюнча өлкө өндүрүшүнө салым кошот.
"Биржа бул товарларды дүңүнөн саткан платформа болот. Кыргызстан бул жаатта айыл чарбалык өнүмдөрү менен кире алат. Картошка, кулпунай, алча жана башка мөмө-жемиштерди сатууда биржа аркылуу иш кыла алышат. Бул кыргыз-казак чек арасындагы жүктөмдөрдү азайтат. Дыйкандардын түйшүгүн кыскартат. Алар түшүмүн түз Россиянын ири дүкөндөрүнө же уюмдун башка мүчө өлкөлөрүнүн ири кайра иштетүүчү заводдоруна соодалап калат. Жеткирүү кызматтарын, бардык документацияны кынтыксыз аткарган эл аралык компаниялар пайда болот. Экинчи жагынан бул жергиликтүү өндүрүштүн сапатын көтөрөт. Эл аралык стандарттарга туура келген гана товарлар биржага коюлгандыктан биздин фермерлер экологиялык таза, сапаттуу продукцияларды сатып калышат. Үчүнчүдөн, ушул убакка чейин суроо-талап бар болгону менен аларга керектүү көлөмдү чыгарып бере албай жүргөн биздин өндүрүшчүлөрүбүз ирилешет. Кыргыз бизнеси же фермерлери биргелешип киреше тапканга, сапатты жогорулатканга үйрөнүшөт", — деди Мамытов.
Ал ЕАЭБдин бирдиктүү товар биржасына кошулууда мамлекет өндүрүшчүлөр менен иштешип, ыңгайлуу программаларды сунуштап колдоого алышы зарыл болорун кошумчалады.