ӨКМ: альпинист Наговицынаны куткаруучу тик учак аба ырайынан улам көтөрүлгөн жок

Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министринин тапшырмасы менен Жеңиш чокусунда калган россиялык альпинист Наталья Наговицынаны куткаруу үчүн "Каркыра" базасына Airbus H-125 тик учагы жөнөтүлгөн. Бирок куткаруу операциясын ишке ашыруу аба ырайынын шартынан улам мүмкүн болгон жок. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматта мекеменин тик учагы чет элдик альпинисттер менен операцияны аткаруу үчүн эки күн бою даяр турганы, бирок чокудагы аба ырайы учууга мүмкүнчүлүк бербегени белгиленген.

"Каркыра" — Кан-Теңир жана Жеңиш чокусуна чыгуучу альпинисттердин климатка ыңгайлашуучу жатагы.

Россия ТИМи альпинист Наговицина боюнча Кыргызстанга ыраазылык билдирди