26-августка карата аба ырайы

26-августта күндүз республиканын бардык аймактарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Шейшембиде өлкө боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Талас өрөөнүндө 27…32, Чүйдө 31…36, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 32…37, Ысык-Көл, Нарын чөлкөмдөрүндө 22…27 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 32…34, Ош шаарында 33…35, Чолпон-Атада 24…26 градус өка чейин көтөрүлөт.
Жайдын акыркы аптасындагы аба ырайына божомол