Кыргызстанда учурда тоо-кен тармагы өнүгүүгө баш урду десек болот. Мында мамлекет үчүн маанилүү жагдай, андан түшүп жаткан пайдадан дагы, өз колубузга алып иштин көзүн таап, үйрөнүп жатканыбызда дейт адис.
Тоо-кен багыты өлкөнүн экономикасын көтөрүп кетүүчү стратегиялык багытка айлана алат, ал үчүн кайра итшетүүнү да колго алсак болмок, деген пикири менен улукман Мамытов бул багытта ЕАЭБ уюмуна мүчө мамлекеттер менен биргеликте иш баштоону сунуштайт. Өлкө экономикасынын маанилүү багыттарынын бири болгон тоо-кен тармагынын келечеги тууралуу бүгүнкү "Экономикалык панорамада" сүйлөштүк.