Өлчөөсүз эмгек жана бекем мүнөзү менен кыялдарын ишке ашырып жаткан Султан Жумабек уулу

Sputnik
Султан Жумабек уулу Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сары-Челек көлүн сүзүп өтүп, жаңы рекорд жаратты. Ал Сары-Челекти узунунан, 7,5 чакырым аралыкты 2 саат 22 мүнөттө сүзүп өткөн. Буга чейин ал Ысык-Көлдү жана Соң-Көлдү да сүзүп өтүп, элге таанылган.
“Стимул” программасында Султан Жумабек уулу бул өзгөчө спорт менен кантип алектенип калганын, ийгиликке жеткирген кыйынчылыктар менен тоскоолдуктар тууралуу айтып берди.