Президент Садыр Жапаров бир нече аткаминерди кызматтан бошотуп, кайра дайындады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык Равшанбек Сабиров эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулуп, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды. Фархат Иминов Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору кызматынан бошотулуп, Виртуалдык активдер жана блокчейнтехнологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчиси болду. Президент кол койгон дагы бир жарлыкка ылайык, Канат Сагынбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткарат. Ал буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болчу.
Кыргызстанда эки ири ГЭСти курууга инвесторлор 6 миллиард доллардан ашык каражат салат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтымында, өлкөдө Казарман жана Көкөмерен каскаддарына ГЭСтерди куруу пландалууда. Алардын жалпы кубаттуулугу 2,2 миң мегаваттты түзөт. Долбоорду ишке ашыруу үчүн түрк ишкерлеринин "Орто Азия инвестициялык холдинги" түзүлгөн. Белгилей кетсек, Кыргызстандагы модернизацияланып жаткан эң ири Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1 200 мегаваттка жетет.
Ушул жылдын сентябрь айынан тарта майыптыктын деңгээлин аныктоо боюнча жаңы эреже күчүнө кирет. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти. Учурдагы укуктук талаптарга ылайык жарандар майыптыкты тастыктоо үчүн жыл сайын медициналык-социалдык экспертизадан өтүшү керек. Бул бюрократияга, стресске алып келери, элге, комиссияга ашыкча түйшүк жаратары белгиленген. Өкмөттүн жаңы токтому дал ушул көйгөйдү чечүүгө багытталганы айтылат. Ага ылайык: I топтогу майыптар — жети жылда бир жолу; II топ – төрт жылда бир жолу; III топ – эки жылда бир жолу өтүшү керек. "Жаңы эреже боюнча жарандын ден соолугу жакшырган учурда өзү же анын өкүлү майыптыкты мөөнөтүнөн мурда алып салуу тууралуу өтүнүч менен кайрылууга укуктуу", — деп айтылат маалыматта. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, I топтогу майыптык көбүнчө кыймылсыздыкка алып келген инсульт, оор формадагы балдардын церебралдык шал оорусу, өнөкөт склероздун акыркы баскычы, эки кол, буттун ампутациясы, толук сокурлук же дүлөйлүк, гемодиализге туруктуу муктаждыкка берилет. Бул оорулардан айыгуу жолу жок болгондуктан майыптыкты жыл сайын тастыктоо жарандарга ашыкча түйшүк жаратып келген.Маалыматта мындай чечим мамлекеттик кызматты бюрократиядан арылтуу программасынын бир бөлүгү экени кошумчаланды.
Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министринин тапшырмасы менен Жеңиш чокусунда калган россиялык альпинист Наталья Наговицынаны куткаруу үчүн "Каркыра" базасына Airbus H-125 тик учагы жөнөтүлгөн. Бирок куткаруу операциясын ишке ашыруу аба ырайынын шартынан улам мүмкүн болгон жок. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматта мекеменин тик учагы чет элдик альпинисттер менен операцияны аткаруу үчүн эки күн бою даяр турганы, бирок чокудагы аба ырайы учууга мүмкүнчүлүк бербегени белгиленген. "Каркыра" — Хан-Теңир жана Жеңиш чокусуна чыгуучу альпинисттердин климатка ыңгайлашуучу жатагы.