Энвер Гареев атындагы ботаникалык бактагы өзгөрүүлөр: курч көйгөй катары кадр маселеси калууда

Sputnik
Учурда Энвер Гареев атындагы ботаникалык бакта реконструкциялоо иштери жүрүп, суу түтүктөрү жаңыртылып, тосмосу алмашып, вело жол, жөө адамдарга жана чуркап машыккандарга ылайыкталган туурасы 8 метр болгон жол салынууда. Муну менен катар ботаникалык бактын ичи да керексиз бак-дарактардан арылып, тазаланганын Нурлан Албанов билдирди. Бирок кадр жетишпестик көйгөйү дагы да курч бойдон калууда. Анын бир себеби айлык маселеси. Маяна аз болгондуктан көбү жумушка келбейт. Андыктан окумуштуулар да тейлөө иштерин жасап, колуна күрөк кармоого туура келет.
Учурда кошумча 35 жумушчуга штат ачуу боюнча сунуш президенттин кол коюусун күтүүдө. Ошентсе да ботаникалык бак илимий иштерди жасап келүүдө.