2025-жылдын 1-январынан тартып Россияда мигранттар үчүн жаңы талаптар күчүнө кирди. Ага ылайык, кыргызстандык жарандар 10-сентябрга чейин өзүнүн укуктук абалын жөнгө салышы керек. Бул үчүн Россиянын Ички иштер министрлигине арыз берүү, эмгек келишимин көрсөтүү, дактилоскопиядан жана медициналык кароодон өтүү талап кылынат. Ошондой эле, мыйзамдар боюнча милдеттүү төлөмдөрдү төлөө шарт. Мындан тышкары 5-февралдан тартып "чыгаруу режими" иштеп баштады. Анда мыйзамсыз жүргөндөр көзөмөлдө болот.
Учурда көзөмөлдө турган адамдардын тизмесинде 89 миң кыргызстандык бардыгын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров айтып берди.