Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Өзгөн райондук ооруканасынын абалы менен жеринен таанышты. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. Ал оорукананын эскилиги жеткен имараттарын көрүп, учурдагы шарттар заман талабына такыр жооп бербей турганын белгиледи. Медицина кызматкерлери жана бейтаптар үчүн ыңгайсыз болгон шарттарга күбө болгон Ташиев калктын саламаттыгы мамлекет үчүн эң башкы артыкчылык экенин айтып, жаңы заманбап оорукана куруу зарылдыгын так көрсөтүп өттү. Ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана тиешелүү мамлекеттик органдарга бул ишти создуктурбай, ыкчам түрдө жаңы курулушту баштоо боюнча тапшырма берди. Каражат маселесине токтолуп жатып, Ташиев жаңы оорукана курууга керектүү акча өлкө башчысы Садыр Жапаровдун стабилдештирүү фондунан бөлүнөрүн, демек маселе президенттин жеке көзөмөлүндө болоорун белгиледи. Мындан тышкары, медициналык кызматкерлердин социалдык шарттарын жакшыртуу, бейтаптардын сапаттуу дарыланышына шарт түзүү жана региондордо ден соолукту коргоо тармагын көтөрүү — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин кошумчалады.
Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолу эки тараптуу ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 24-августта кечки саат 22:00-23:00дор чамасында Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 32-38-чакырымдар аралыгында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, жол убактылуу жабылган. Жерине дароо тиешелүү техникалар тартылып, 25-августка караган түнү саат 01:00дө каттам берилген. Азыркы тапта жол ачык, унаа кыймылына чектөө жок.
Жусуп Абдрахманов атындагы президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов ЕАЭБдин бирдиктүү биржасындагы Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду. ЕАЭБдин түзүлүп жаткан бирдиктүү товардык биржасы кыргызстандык продукция үчүн ыңгайлуу платформа боло алат.Анын айтымында, аталган биржа негизги үч багыт боюнча өлкө өндүрүшүнө салым кошот.Ал ЕАЭБдин бирдиктүү товар биржасына кошулууда мамлекет өндүрүшчүлөр менен иштешип, ыңгайлуу программаларды сунуштап колдоого алышы зарыл болорун кошумчалады.
Өлкөнүн пляж волейболу боюнча курама командасы дүйнө чемпионатына жолдомо алды. Бул тууралуу Волейбол федерациясы билдирди. Маалыматта белгиленгендей, команданын курамындагы Роза Расулбек кызы жана Айтурган Айтбекова машыктыруучу Карина Кимдин жетекчилиги астында 15-19-октябрда Мексикада өтүүчү турнирге катышат. Команда Париж Олимпиадасынын тандоо туруна катышып, Азиянын эң күчтүү 8 командасы ойногон негизги топко өтө алды.
Германиянын канцлери Фридрих Мерц аймактык партиялык конференцияда сүйлөп жатып, жалпы элдин бакубаттуу жашоосун мамлекет мындан каржылай албай турганын айтты. Бул тууралуу The Daily Telegraph гезити жазганын РИА Новости билдирди. "Өлкө бүгүнкү күндө жетишкен бакубаттуулукту мамлекеттин азыркы экономикалык абалы менен мындан ары каржылай албайбыз", — деген Мерц. Германия канцлери миграцияны кыскартуу жана бизнести колдоо саясатын уланта турганын белгилеген. Буга чейин 27-июнда Россия президенти Владимир Путин Беларуска болгон сапарынын жыйынтыгында Германия менен Франция экономикалык рецессиянын чегинде турганын билдирген.