Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин лабораториясы карантиндик объекттерди жана зыяндуу организмдерди аныктоо үчүн айыл чарба продукциясынын 12 миңден ашык үлгүсүн кабыл алды. Экспертизага импорттук продукциядан 5,9 миң, экспорттук продукциядан 4 миң, изилдөөнүн алкагында 646, суроо-талап боюнча 387 үлгү жөнөтүлгөн. Анын алкагында адистер тарабынан зыянкечтердин ондон ашык түрү аныкталган. Зыянкечтерди аныктоо, карантиндик организмдер, лабораториялык экспертизалар тууралуу “Күн башат” уктуруусунда сөз болду.