Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия менен Украина туткундарды алмашты

Sputnik
БИШКЕК, 24-авг.— Sputnik. Россия менен Украина туткундарды алмашты.
РФ Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 24-августта киев режиминин көзөмөлүндөгү аймактардан 146 россиялык аскер кайтарылды. Москва Украина Куралдуу күчтөрүнүн туткундагы 146 жоокерин өткөрүп берди.
Мындан тышкары, Курскинин киев режими мыйзамсыз кармап турган сегиз тургуну кайтарылды, алар үйлөрүнө жеткирилет. Учурда россиялык аскерлер Беларуста, жоокерлерге тийиштүү медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлүүдө. Андан кийин баары Россияга жөнөтүлүп, Коргоо министрлигинин медициналык мекемелеринен дарыланып, реабилитациядан өтүшөт.
Россиялык аскерлердин туткундан кайтарылышына Бириккен Араб Эмирликтери ортомчулук кылганы айтылды.
ЖМКлар Россия дагы бир фронтто чоң жеңишке жеткенин жазышууда