БИШКЕК, 24-авг.— Sputnik. Россия президенти кийинки жумада Кытайга сапар тартат. Бул тууралуу "Россия 1" телеканалынын "Москва. Кремль. Путин" программасынын автору жана алып баруучусу Павел Зарубинге таянуу менен "Вести" Telegram каналы билдирди.
“Владимир Путин төрт күндүк сапары менен КЭРге барат. Россия менен Кытай делегацияларынын масштабдуу сүйлөшүүлөрү каралган”, — деп айтылат маалыматта.
Россия президенти, мындан тышкары, Тяньцзинде өтө турган ШКУ саммитине катышат.
Тяньцзиндеги ШКУ саммити катыша турган өлкө башчыларынын саны боюнча тарыхтагы эң ири жыйын болуп калмакчы. 20дан ашуун өлкө лидерлери менен сегиз эл аралык уюмдун жетекчилеринин келиши күтүлүүдө. Саммит 31-августтан 1-сентябрга чейин өтөт. Иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да чакырылган.
ШКУга Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Пакистан, Өзбекстан мүчө. 2024-жылдын июлунда Казакстанда өткөн ШКУ саммитинде Беларусь дагы уюмга толук кандуу мүчө болгон.