БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Ататүрк паркы реконструкциялана баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мэр Айбек Жунушалиев долбоорду көрүп чыкты. Ага ылайык, сейил бактын кире бериши, афган жоокерлерине коюлган эстелик жаңыртылып, балдар жана спорт аянтчалары, сахна, иппотерапия аймагы курулат.
Ошондой эле үч чакырым чуркоо жана 3,6 чакырым велосипед жолу, көлмө, кароол аянтчалары жана тротуарлар түшөрү айтылды.
Карылыгы жеткен бактар менен жапайы бадалдар алынып, ордуна жаңы көчөттөр тигилет.
Муниципалитет буга чейин паркка мыйзамсыз курулган үйлөрдүн ээлеринен 500 миллион сом чогултууну пландап жатканын, анын 97 миллиону түшкөнүн, каражат парктарды өнүктүрүүгө жумшаларын кабарлаган.