БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Бишкектеги ЦУМ-2 соода борборунда 21 жаштагы кыз эскалатордон кулап каза болду. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыз төртүнчү кабаттан жер төлөгө кулап, милицияга чакырык саат 12:30да түшкөн. Бардык тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Алдын ала маалымат боюнча, бул өз өмүрүнө кол салуу болушу мүмкүн экени айтылды.