Башкы прокуратура алимент төлөөдөн баш тарткандарды камоону сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Башкы прокуратура алимент төлөөдөн баш тарткандарды камоону сунуштап жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Сөз соттун чечимдери же алименттик келишимдер аткарылбай калган учурларга байланыштуу болууда:
эгер ата-эне балдарын же бойго жеткен, бирок эмгекке жарамсыз балдарын багууга каражат төлөөдөн баш тартып, жыл ичинде карызын үч ай катары менен төлөбөсө, үч суткага камоо сунушталууда;
кайрадан мыйзам бузган учурда жети суткага камоо каралат;
балдар эмгекке жарамсыз жана жардамга муктаж ата-энесин үч ай катары менен багуудан баш тартса, үч суткага камоо демилгеленип жатат.
Депутат майып балдардын ата-энелерине акысыз юридикалык жардам берүүнү сунуштады