БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет бир жумага карата аба ырайынын божомолун таратты.
Ага ылайык, алдыдагы жумада өлкө аймактарында негизинен жаан-чачын аз болуп, аба ырайы туруктуу болот. Бирок айрым тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
Чүй жана Талас жергеси
25-30-август күндөрү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 30-август күнү тоолуу райондордо өткүн өтүшү мүмкүн. 31-августта да түнкүсүн жаан болбойт, күндүз тоолордо гана өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары
25-31-август аралыгында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.
Ысык-Көл, Нарын аймактары
25-августта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 26-29-август күндөрү жаан-чачын болбойт. 30-31-августта тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бирок дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.