25-августка карата аба ырайы

25-августта күндүз республика аймагында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Дүйшөмбүдө өлкөнүн тоолуу райондорун ала булут каптайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Талас өрөөнүндө 27…32, Чүйдө 30…35, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 31…36, Ысык-Көл жеринде 22…27, Нарын чөлкөмүндө 23…28 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 32…34, Ош шаарында 33…35, Чолпон-Атада 25…27 градус болуп ысыйт.
Күндүн табы кайтып, күздүн илеби сезилет. Сентябрга карата аба ырайы