Уран Сатыбалдиев UFC турниринде биринчи жолу жеңишке жетти

Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Уран Сатыбалдиев Шанхайдагы UFC турниринде биринчи жолу жеңишке жетти.
Ал мелдешке казакстандык спортчу Дияр Нургожай менен чыгып, атаандашын муунтуу ыкмасы менен жеңген.
Сатыбалдиев бул жолу орточо оор салмакта чыкты. Апрелде өткөн биринчи беттеште октагонго оор салмактар категориясында Нигериянын жаракат алган спортчусунун ордуна чыккан. Мелдешке катышары тууралуу ага эки гана күн калганда белгилүү болгон. Анда Сатыбалдиев өзүнөн 20 килограмм салмакка оор словакиялык мушкер Мартин Будай менен кармашкан.
Айпери Медет кызы Түркиядагы беделдүү турнирден алтын медаль менен кайтты