БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкектеги №7702 аскер бөлүгүнүн жаңы имараттарынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, ардагерлер жана өздүк курам катышты.
Аталган аскер бөлүктүн имараты 1966-жылы салынган боюнча жаңыртылган эмес. Жаңы шаарчада жоокерлердин жатаканасынан тарта этностилдеги конок үйгө чейин каралып, 22 кичи имарат (штаб, клуб, спорт комплекси, ашкана, кампалар, медициналык пункт жана башка инфраструктуралык имараттар) жайгашкан.
Президент аскерлер керектүү атайын техника менен камсыздалганын белгилеп, мамлекет түзүп берип жаткан шарттарды туура пайдаланууга чакырган.
“Ата Мекенге кызмат кылуу ыйык милдетинен эч качан кайтпагыла. Элибиздин коопсуздугун камсыздап, кылмыштуулукка бөгөт коюп, жүктөлгөн милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткарып үлгү көрсөткүлө. Эбегейсиз эмгегиңер жалпы журтубузга сыймык болсо, келечек муундарыбызга мыкты өрнөк болот!" — деген Садыр Жапаров.
Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин өлкө башчы заманбап аскер шаарчасын, ошондой эле атайын техникаларды көрүп чыккан.