БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Россия менен АКШнын мамилеси төмөн деңгээлде турган, бирок президенттикке Дональд Трамп келгенден кийин тоннелдин аягындагы жарык көрүнгөндөй болду. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Россиянын өзөктүк тармактарынын жумушчулары менен жолугушууда айткан.
РФ президентинин Россия менен АКШ мамилелери тууралуу айткан кебинин урунттуу учурлары төмөндө:
Трамп менен Аляскадагы жолугушуу маңыздуу жана ачык болду;
РФ менен АКШ жасаган алгачкы кадамдар — мамилелерди толук масштабдуу калыбына келтирүүнүн башталышы;
РФ менен АКШнын мамилелерди калыбына келтирүүдөгү темпи сакталууда;
Трамптын лидерлик сапаттары эки мамлекеттин мамилесин калыбына келтирүү үчүн жакшы өзөк болууда;
Россия менен Американын мамилелерин толук кандуу калыбына келтирүү адегенде батыштык өнөктөштөрүнөн көз каранды. Себеби АКШ алар менен ар кандай биримдиктердин, анын ичинде НАТОнун алкагында да байланышта;
РФ менен АКШ байланыштары министрлик жана компаниялар деңгээлинде уланууда.