БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Ош шаарында борбордук стадиондун масштабдуу реконструкциясы башталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Белгиленгендей, стадиондун кире беришиндеги жана ага жанаша жайгашкан каналдын боюндагы архитектуралык көрүнүштү бузган курулуштар алып салынууда. Алардын ордуна шаардыктар жана калаа коноктору үчүн ыңгайлуу, ачык, коопсуз жана көрктүү мейкиндик пайда болот.
“Жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү заманбап шаар куруу талаптарына ылайык аткарылат. Ал эми стадион футбол боюнча жогорку деңгээлдеги беттештерди өткөрүүгө ылайыкташтырылат”, — дешти министрликтен.