Ош шаардык мэриясына жеке ишкер 10 автоунаа белек кылды. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Жеке ишкер Ош шаардык мэриясына жаңы 10 автоунаа белек кылды. Бул тууралуу калаа мэриясы маалымдады.
Автокөлүктөрдү Жалал-Абад облусунун Асылбек Муратбеков аттуу тургуну Жеңишбек Токторбаевге тапшырган.
1 / 3

Жеке ишкер Ош шаардык мэриясына жаңы 10 автоунаа белек кылды

2 / 3

Автокөлүктөрдү Жалал-Абад облусунун Асылбек Муратбеков аттуу тургуну Жеңишбек Токторбаевге тапшырган

3 / 3

Ишкер машиналарды Ош шаарында жасалып жаткан жумуштарды көрүп, мэрди колдоо максатында алып келгенин айткан

Ишкер машиналарды Ош шаарында жасалып жаткан жумуштарды көрүп, мэрди колдоо максатында алып келгенин айткан.
Автоунаалар жакында муниципалдык VIP-такси катары каттамга чыгат. Мэрия Ош шаарында муниципалдык такси кызматын ишке киргизүү пландалып жатканын, буга чейин дагы 15 электромобиль алып келингенин белгиледи.
Ош шаарына 500 миллион сомго 120 атайын техника алынды. Видео