БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги өлкөдө помидордун түшүмү жакшы болуп жатканын билдирди.
Ага ылайык, Чүй облусунун Жайыл районунда 270 гектар аянтка помидордун "Хайнц" жана "Есесем" сорттору отургузулуп, гектарынан 120 тонна чыгып жатат. Министрлик дүйнөдө эң жогорку түшүмдү Түндүк Америкада алышарын, гектарынан 90 тоннага чейин помидор жыйнашарын белгилген.
"Түшүмдүн басымдуу бөлүгү соус, кетчуп сыяктуу продукцияларды өндүрүүгө жөнөтүлөт, калганы экспортко чыгат. Жашылча Италиядан алып келинген атайын томат жыйноочу комбайн менен чогултулат", — деп жазылат билдирмеде.