Белгилүү актер Руслан Курманалиев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Белгилүү актер Руслан Курманалиев 53 жашында мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Өмүрүн өнөргө арнаган Курманалиев 30 жылдан ашык убакытта театр жана кино тармагында эл сүймөнчүгүнө ээ болгон көптөгөн ролдорду жараткан. Анын сахнада жана экранда аткарган 80ден ашык образы кыргыз маданиятынын бай мурастарынын катарына кирип, көрүүчүлөрдүн жүрөгүн багындырган.
Белгилүү актер Руслан Курманалиев
Ал чыгармачылык жолун “Жайсаң” театрынан баштап, кийин “Туңгуч” жаштар театрында иштеп, 2000-жылдан тарта Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрына өтүп, өзүнүн чыныгы талантын ачкан. 2021–2024-жылдары аталган театрдын көркөм жетекчиси катары эмгектенип, театр жамаатын жаңы бийиктиктерге жетеледи. Анын жетекчилигинин алдында театр эл аралык аренада да ийгиликтерди жаратты.
Скульптор Улан Садыков көз жумду