БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Жекшембиде республиканын көпчүлүк аймагында жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Талас аймагында +27...+32, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көлдө +19...+24, Нарын өрөөнүндө +22...+27 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада +29…+31, Ош шаарында +33...+35, Чолпон-Ата шаарында +19...+21 градуска көтөрүлөт.