Аскерлер менен учурашып, марш коштоп... Жапаров Токаев менен расмий жолугушту

Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Казак лидеринин расмий сапарынын урматына "Ынтымак ордо" имаратынын алдына мамлекеттик туулар илинип, Ардак кароол тизилип, килем төшөлдү. Өлкө башчылары жылуу саламдашып, рота командиринин рапортун кабыл алышты. Мамлекеттик гимндер жаңырды.
"Эки президент катарды кыдырып, Касым-Жомарт Токаев Ардак кароол ротасы менен саламдашты. Мамлекет башчылары расмий делегациялардын мүчөлөрүн тааныштырышты", — деп айтылат маалыматта.
1 / 3

Казак лидеринин расмий сапарынын урматына "Ынтымак ордо" имаратынын алдына мамлекеттик туулар илинип, Ардак кароол тизилип, килем төшөлдү

2 / 3

Өлкө башчылары жылуу саламдашып, рота командиринин рапортун кабыл алышты. Мамлекеттик гимндер жаңырды.

3 / 3

Кийин эки лидер чогуу сүрөткө түшүү үчүн "Ынтымак ордого" кирип, андан соң тар курамдагы сүйлөшүүлөр башталды

Андан соң аскер маршы жаңырып, Ардак кароол жоокерлери жүрүштөн өттү. Кийин эки лидер чогуу сүрөткө түшүү үчүн "Ынтымак ордого" кирип, андан соң тар курамдагы сүйлөшүүлөр башталды.
Касым-Жомарт Токаев "Ата-Бейитке" барып гүлчамбар койду