БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 22-августта, Бишкек шаарында “Достуктун алтын көпүрөсү” эстелигин ачышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Композиция Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовго жана Казакстандын эл жазуучусу Мухтар Ауэзовго арналган.
Жапаров эстелик кыргыз менен казактын боордоштугунун, кылымдарды карыткан руханий достугунун, чыгармачылык алака-катышы менен маданий ынтымагынын жаркыраган символу болуп саналарын белгиледи.
“Мухтар Ауэзов өз чыгармаларында казак талаасынын демин, эркиндикке умтулган элдин күчүн даңазалап, “Манас” эпосун жайылтууга олуттуу салым кошсо, Айтматов керемет кыргыз жергесинин асылдыгын, адамдык нарк менен ыймандын бийиктигин, аны менен кошо эки элдин тагдыры менен тарыхын дүйнөгө таанытты”, — деди Жапаров.
Ал эми Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго жана бүткүл кыргыз элине Мухтар Ауэзовдун мурасына болгон аяр мамилеси үчүн ыраазычылык билдирди.
“Былтыр Астана шаарында Айкөл Манастын эстелигин салтанаттуу түрдө ачтык. Мындай жакшы демилгелер боордош өлкөлөрдүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты дагы да бекемдейт. Чынында эле казак менен кыргыздан өткөн жакын эл жок. Элдерибиз кан-жаны, руханий байланыштары, жалпы тарыхы жана маданий мурастары менен байланышкан. Көп кылымдык достугубуз убакыттын сыноосунан өттү”, — деди Токаев.