БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Калыптанган достук мамилелердин негизинде ортодогу бардык маселелерди кеңешип чечерибизге ишенем. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен тар курамдагы сүйлөшүү маалында билдирди.
Ал былтыр Астана шаарындагы жолугушууда кызматташуунун бардык багыттарын талдап карап чыгышканын, бүгүн жогорку мамлекеттер аралык кеңештин VII жыйыны өтүп жатканын, бул отурум ортодогу боордоштукту, стратегиялык өнөктөштүктү жакшыртууга өбөлгө болоруна ишеним арткан.
"Сиздин бүгүнкү сапарыңыздын алкагында Казакстандын Ош шаарындагы башкы консулдугунун ачылышы кызматташуунун жаңы барагы десек болот. Ош мамлекеттик университетинин базасында Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин Ош шаарындагы филиалынын ачылышы билим берүү жана гуманитардык байланыштын келечектеги көпүрөсү болоруна ишенем", — деди Жапаров.
Ошондой эле өлкө башчысы Бишкек шаарында казак киносунун күндөрү жана эки өлкөнүн демилгелүү жаштарынын башын бириктирген кыргыз-казак жаштар форуму ийгиликтүү өткөнүн белгиледи.