БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Чет өлкөлүк трак айдоочуларына жумушчу виза берүү токтотулду. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио X социалдык түйүнүнө жазды.
"Бардык коммерциялык жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына жумушчу виза берүүнү токтотобуз", — деп жазган ал.
Мамкатчы жүк ташуучу унааларды айдаган чет элдик айдоочулардын көбөйүшү өлкө жарандарынын коопсуздугуна коркунуч жаратып, америкалык айдоочулардын жашоо деңгээлин начарлатарын айткан.
Мындай чектөө Флоридада мыйзамсыз иштеп, жүк ташуучу унаа айдаган индиялык жарандын үч кишини өлүмгө кептеген окуясынан кийин кирди. Аталган айдоочу кырсык болгон жерден качып кетип, кийин Калифорниядан кармалган.
Мындан тышкары, АКШнын Мамлекеттик департаменти 55 миллиондон ашык чет элдик жарандын визасын изилдөөнү пландаштырып жатканын Ассошиэйтед Пресс агенттиги билдирген. Эгер иммиграциялык эрежелерди бузгандар аныкталса, визалары жокко чыгарылат же депортацияга кабылышат.
"АКШ визасын алгандардын бардыгы дайыма текшерилип турат. Мында негизги максат — алардын бул документти алууга укугу бар же жок экендигин билүү", — деп айтылат Мамлекттик департаменттин маалыматында.
АКШ бийлиги виза мөөнөтүнүн өтүп кетиши, кылмышка же террорчулукка аралашуу документти жокко чыгара турганын эскертип келет. Эгерде визанын ээси ошол учурда АКШнын аймагында болсо, анда ал депортацияга кабылат.
Дональд Трамп 20-январдагы инаугурациясында Американын аймагына мигранттардын мыйзамсыз киришин дароо токтотуп, миллиондогон адамды депортация кылууга убада берген. Өлкөнүн түштүк чек арасындагы абалга байланыштуу жалпы улуттук өзгөчө кырдаал режимин киргизген.