Токаев: эки калктын ортосунда чечилбеген маселе болбош керек

Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Кыргызстан Казакстандын аймактагы башкы стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тар курамдагы жолугушууда билдирди.
Ал эки өлкөнүн соода алакасынын көлөмү эки миллиард долларга жеткенин айтып, бул көрсөткүчтү жогорулатууга мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.
"Садыр Нургожоевич менен сүйлөшүп жатканда эки калктын ортосунда чечилбей турган суроолор болбош керектигин айттык. Казак-кыргыз – бир тууган эл. Биздин тарыхыбыз бир, каада-салттарыбыз жана дүйнө таанымыбыз окшош. Эзелтен бери эки эл Ала-Тоонун этегинде тынчтыкта жана ынтымакта жашап келет. Бүгүнкү күндө биздин кызматташуубуз стратегиялык өнөктөштүк нугунда динамикалуу өнүгүүдө", — деди Токаев.
Президент бул сапар эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелердин өнүгүшүнө жаңы дем берерине ишене турганын кошумчалады.
Аскерлер менен учурашып, марш коштоп... Жапаров Токаев менен расмий жолугушту