БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Бишкекте Роскызматташтык жана “РЖД-Медицина” клиникалар тармагы уюштурган “Жакшылык миссиясы” эл аралык ыктыярчылык программасы жыйынтыкталды.
Миссиянын курамында Москва, Красноярск, Самара жана Читадан алты жогорку квалификациялуу адис: уролог, жүрөк-кан тамыр хирургу, кардиолог, акушер-гинеколог, нефролог жана травматолог-ортопед Кыргызстанга келишкен.
Программа биргелешкен операцияларды, мастер-класстарды, студенттер менен адистер үчүн лекцияларды, бейтаптарды кароону жана татаал клиникалык учурларды талкуулоону камтыды.
Миссиянын алкагында 78 медициналык кароо жана консультация, 24 лекция, 16 биргелешкен операция, 18 УЗИ изилдөөсү жана 14 консилиум өткөрүлдү. Россиялык жана кыргыз хирургдары заманбап ыкмаларды дароо практикада колдонуп, бир катар операцияларды жасашты.