Россия Ош шаарына БУУ аркылуу миң тоннадан ашык ун жеткирди

Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Ош шаарына Россиянын БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу тамак-аш жардамынын биринчи партиясы жеткирилди.
Анда түштүк аймактагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1 080 тонна байытылган буудай уну жана өсүмдүк майы таратылат.
1 / 3

Ош шаарына Россиянын БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу тамак-аш жардамынын биринчи партиясы жеткирилди

2 / 3

Анда түштүк аймактагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1 080 тонна байытылган буудай уну жана өсүмдүк майы таратылат

3 / 3

Беш миңден ашык үй-бүлө бул азык-түлүктү ирригациялык тармактарды калыбына келтирүү, бак-дарак отургузуу, дарыялардын жээгин бекемдөө, айыл чарбанын алдыңкы ыкмаларын киргизүү боюнча окутууларга катышып алышат

Беш миңден ашык үй-бүлө бул азык-түлүктү ирригациялык тармактарды калыбына келтирүү, бак-дарак отургузуу, дарыялардын жээгин бекемдөө, айыл чарбанын алдыңкы ыкмаларын киргизүү боюнча окутууларга катышып алышат.
Россия Кыргызстанга БУУ аркылуу 1,2 миң тоннадан ашык ун берди. Видео