БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Кыргызстан тоңдурулган жемиштердин экспортун көбөйтүүдө.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өлкө биринчи жарым жылдыкта 1 215,2 тонна продукция экспорттогон. Бул 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 4,5 эсеге көп.
ЕАЭБ өлкөлөрү сатып алуучулардын арасында алдыңкы орунда турат:
Россия — 779,2 тонна;
Казакстан — 149,7;
Түркия — 106,8;
Өзбекстан — 79;
Сербия — 60;
Болгария — 20,5;
Польша — 20 тонна.
Бир аз партия Японияга да жеткирилген.