Учурда курулуш тармагында адистердин жетишпестиги көйгөй болууда. Бул тууралуу Чолпонбек Акматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, азыр көптөгөн курулуш компаниялары союзга мүчө болуп кирип жатышат.
"Курулушчулар союзу Курулушчулар күнүндө жаңы форматта иштөө максатында презентация өткөрдүк. Сайт ачып, "мындан ары кандай иштейбиз" деген суроонун алкагында бир катар маселелерди койдук. Буга чейин ЖИА бизнес-ассоциациясын, Өнөр жай палатасынын астындагы курулуш комитетин жетектеп келгем. Ал жакта ири ишканалардын башын бириктирип, ушул тармакта көптөгөн мамлекеттик органдар менен кызматташтык. Азыр деле ошондой форматта иштеп кете беребиз. Көптөгөн курулуш компаниялары биздин союзга мүчө болуп кирип жатышат", — деди Акматов.
Ал учурда студенттерди 1-курстан баштап үйрөтүп алуу үчүн университет менен сүйлөшүп жатканын билдирди.
"Курулушта адистер жетишпей жатат. Ошондуктан Кыргыз техникалык университети менен меморандум түздүк, эми студенттерди 1-курстан баштап практикага тартып, үйрөтүп алабыз. Азыр кадр жетишсиздигинин айынан Пакистан, Бангладештен келгендер иштешет. Кытайдын компаниялары да келүүдө. Ушундай жол менен кете берсек, биздин жарандар ишке жарамсыз болуп сыртта кала берет. ЕАЭБ мамлекеттеринин ичинде бизде бул тармакта 31 пайызга өсүү болду. Демек 15 жылдан бери курулуш курулбай, суроо-талап көбөйгөн. Инфляциянын айынан канчалаган адамдар үйгө жетпей келген. Азыр аларга мүмкүнчүлүк жаралды, бирок экинчи жагынан, үйлөр кымбат болууда. Себеби курулуш материалдары сырттан ташылып жатат. Учурда дизайнер, курулушчулар жана курулуш компанияларынын башын бириктирип, таза иш алып баргандарды чогулталы деп жатабыз. Жети облуста бөлүмдөрүбүздү ачып, коңшу мамлекеттердин курулушчулар союздары менен да мамиле түзүп жатабыз. Акыркы кезде Борбор Азия мамлекеттеринде мыкты имараттар салынууда. Ошондуктан биз да бренд компанияларды өстүрүп чыгарышыбыз керек", — деди Акматов.
Ал учурда 10-20 компания биригип чоң-чоң долбоорлорго кирсек деген максаттар болуп жатканын кошумчалады.