Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Ким Чен Ын Курскини бошотууга катышкан аскерлерин сыйлады. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Корей Элдик Демократиялык Республикасынын (Түндүк Корея) лидери Ким Чен Ын Россиянын Курск облусун украиналык согушкерлерден бошотууга катышкан өзүнүн аскерлери менен командирлерине мамлекеттик сыйлык тапшырды. Бул туурасында РИА Новости ЦТАКтын маалыматына таянып кабарлады.
Салтанат Кореянын Эмгек партиясынын Борбордук комитетинин штаб-квартирасында өткөн. Ага курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү, Эмгек партиясынын Борбордук аскер комитетинин мүчөлөрү, Коргоо министрлигинин алдыңкы командирлери, Корей Элдик армиясынын ири бирикмелеринин аскердик-саясий командирлери катышкан.
1 / 4

Корей Элдик Демократиялык Республикасынын (Түндүк Корея) лидери Ким Чен Ын Россиянын Курск облусун украиналык согушкерлерден бошотууга катышкан өзүнүн аскерлери менен командирлерине мамлекеттик сыйлык тапшырды

2 / 4

Салтанат Кореянын Эмгек партиясынын Борбордук комитетинин штаб-квартирасында өткөн

3 / 4

Ага курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү, Эмгек партиясынын Борбордук аскер комитетинин мүчөлөрү, Коргоо министрлигинин алдыңкы командирлери, Корей Элдик армиясынын ири бирикмелеринин аскердик-саясий командирлери катышкан

4 / 4

Ал курман болгон аскерлердин үй-бүлөсү менен өзүнчө жолугуп, көңүл айткан

"Ким Чен Ын Корея Баатыры наамын мыкты командирлерге жана жоокерлерге ыйгарды. Ошондой эле курман болгон жоокерлердин портреттерине медалдарды чаптады. Ал партия менен мамлекет "ыйык кадыр-баркты жана өлкөнүн абийирин коргогон" операциянын катышуучуларынын эрдигин жогору баалай турганын белгиледи", — деп айтылган маалыматта.
Ал курман болгон аскерлердин үй-бүлөсү менен өзүнчө жолугуп, көңүл айткан.
"Ким Чен Ын партиянын жана өкмөттүн атынан чет өлкөдөгү салгылаштарда корейлерге жана Корей Элдик армиясына таандык эр жүрөктүүлүк менен согушуп, улуу намыс жана даңктуу аскердик эрдиктери менен мекенге татыктуу кайтып келгендерге ыраазылык билдирип, ысык саламын айтты", — деп жазган агенттик.
Лавров Ким Чен Ынга Курскини бошотуудагы жардамына ыраазычылык билдирди