БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Аны министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев коштоп жүргөн. Токаев 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда курман болгондордун мемориалына, ошондой эле белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюп эскерген.
Коңшу өлкөнүн башчысы Кыргызстанга кечээ расмий сапар менен келген. Бүгүн "Ынтымак ордодо" Кыргызстандын жана Казакстандын президенттеринин жолугушуу аземи өттү. Учурда алар тар чөйрөдө сүйлөшүүгө кирип кетишти.