БУУ Газа тилкеси апааттуу ачарчылыкка кабылганын жарыялады

Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Газа сектору биринчи жолу апааттуу ачарчылыкка кабылды. Бул тууралуу БУУ системасындагы агенттиктер менен гуманитардык уюмдардын биргелешкен билдирүүсүндө айтылганын РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, Газа тилкесинде жарым миллиондон ашык адам ачкачылыктын тузагына түштү.
БУУда кабыл алынган Азык-түлүк коопсуздук фазаларынын интеграцияланган классификациясы (IPC же АКК) беш стадияга бөлүнөт. Анда үч же бешке чейинки деңгээлдер тамак-аштын тартыштыгы курч экенинен кабар берсе, бешинчи стадия апааттуу ачарчылык жаралганын түшүндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча, сентябрь айынын соңунда Газада 640 миңден ашуун адам ошол бешинчи стадияга, тагыраагы, азык-түлүктүн жетишсиздигинин эң төмөнкү деңгээлине туш болот. Бул аймактагы 1,14 миллион адам өзгөчө кырдаалда (IPC 4-фазасы), ал эми дагы 396 миң адам кризистик абалда (3-фаза) калат.
Буу Израилдин бийлигин Газа тилкесиндеги ачарчылыкты токтотуу үчүн тез арада чара көрүп, бардык гуманитардык жардамдарды аймакка киргизүүгө чакырды.
Нетаньяху Газаны көзөмөлдөп, ХАМАСты талкалоо планын бекитти