Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Кыргызстан Казакстандын аймактагы башкы стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тар курамдагы жолугушууда билдирди. Ал эки өлкөнүн соода алакасынын көлөмү эки миллиард долларга жеткенин айтып, бул көрсөткүчтү жогорулатууга мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи. "Садыр Нургожоевич менен сүйлөшүп жатканда эки калктын ортосунда чечилбей турган суроолор болбош керектигин айттык. Казак-кыргыз – бир тууган эл. Биздин тарыхыбыз бир, каада-салттарыбыз жана дүйнө таанымыбыз окшош. Эзелтен бери эки эл Ала-Тоонун этегинде тынчтыкта жана ынтымакта жашап келет. Бүгүнкү күндө биздин кызматташуубуз стратегиялык өнөктөштүк нугунда динамикалуу өнүгүүдө", — деди Токаев. Президент бул сапар эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелердин өнүгүшүнө жаңы дем берерине ишене турганын кошумчалады.
Муну менен катар эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын Алтын кыраан ордени менен сыйланды. Аны өлкөгө расмий сапары менен келген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тапшырды.Алтын кыраан — Казакстандын жогорку өзгөчөлүк белгиси. Ачык булактардагы маалыматка караганда, бул орден менен Казакстанга өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн 24 чет элдик лидер сыйланган.
Нарын районундагы Нарын – Оруктам унаа жолунун 39-чакырымындагы көпүрөнүн курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана комманикациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жумуштар "Бишкек-Темир" ЖЧКсы тарабынан аткарылып жатат. Ошондой эле курулуш иштерине "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасы да тартылган. Учурда көпүрөнүн пайдубалы даярдалып, арматуралар орнотулуп, бетон куюу жумуштары жыйынтыкталууда. Бул этап көпүрөнүн туруктуулугун камсыз кылган негизги конструкция болуп эсептелет. Алдыда үстүңкү конструкцияларды орнотуу жана жол кыймылын калыбына келтирүү жумуштары аткарылат. Белгилей кетсек, 13-августта аталган көпүрөдө КаМАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда көпүрө сынып, унаа Нарын суусуна түшүп кеткен. Кийин айдоочусунун сөөгү табылган.
Чет өлкөлүк трак айдоочуларына жумушчу виза берүү токтотулду. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио X социалдык түйүнүнө жазды. "Бардык коммерциялык жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына жумушчу виза берүүнү токтотобуз", — деп жазган ал. Мамкатчы жүк ташуучу унааларды айдаган чет элдик айдоочулардын көбөйүшү өлкө жарандарынын коопсуздугуна коркунуч жаратып, америкалык айдоочулардын жашоо деңгээлин начарлатарын айткан. Мындай чектөө Флоридада мыйзамсыз иштеп, жүк ташуучу унаа айдаган индиялык жарандын үч кишини өлүмгө кептеген окуясынан кийин кирди. Аталган айдоочу кырсык болгон жерден качып кетип, кийин Калифорниядан кармалган. Мындан тышкары, АКШнын мамлекеттик департаменти 55 миллиондон ашык чет элдик жарандын визасын изилдөөнү пландаштырып жатканын Ассошиэйтед Пресс агенттиги билдирген. Эгер иммиграциялык эрежелерди бузгандар аныкталса, визалары жокко чыгарылат же депортацияга кабылышат.