Кафе-ресторандардагы тейлөө үчүн алынган кошумча акы жоюлмакчы — тейлөөчүлөрдүн укуктары корголгонбу?

Sputnik
Өлкөдо кафе жана ресторандарда кызмат көрсөтүү үчүн алынган кошумча акы жоюлат. Кызмат көрсөтүү менен катар музыка, залдагы орундар жана башка кызматтар үчүн алынган акыга да тыюу салууну пландалып жатат. Учурда бул акыны мыйзам чегинде алып салууга тыюу салынбаган, ошондуктан мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.
Бул демилге канчалык зарыл? Тейлөө тармагындагы кызматкерлердин иш шарттары кандай? Өлкөдө официант сыяктуу адистерге кандай эмгек укуктары каралган? Мыйзам боюнча тейлөө кызматкеринин жумуш убактысы, эс алуу күнү кантип жөнгө салынат?
Ушул жана башка суроолорубузга "Ачык кеп" берүүсүнүн алкагында Монополия гакаршы кызматтын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана ак ниет эмес атаандаштык бөлүмүнүн башкы адиси Айганыш Макулбекова жана Эл аралык медицина жана илим университетинин ректорунун укуктук маселелер боюнча кеңешчиси, эмгек укуктары боюнча эксперт Элдияр Карачаловдон жооп ала алдык.