Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Аны министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев коштоп жүргөн. Токаев 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда курман болгондордун мемориалына, ошондой эле белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюп эскерген.Коңшу өлкөнүн башчысы Кыргызстанга кечээ расмий сапар менен келген. Бүгүн "Ынтымак ордодо" Кыргызстандын жана Казакстандын президенттеринин жолугушуу аземи өттү. Учурда алар тар чөйрөдө сүйлөшүүгө кирип кетишти.
Күзүндө Токмокто Muras бренди менен автоунаа чогулткан завод салына баштайт. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти. Малыматта Россиянын АвтоВАЗ компаниясы заводдун технологиялык өнөктөшү экени, өндүрүш 2026-жылдын жаз айларында ишке кирери айтылган. Ишканада жылына 1 500гө чейин автоунаа чогултулса, 2035-жылга чейин аны 7 миңге жеткирүү пландалууда. Бул долбоордун арты менен өлкөнүн ИДПсы бир пайызга өсүп, 12 миңге жакын жумуш орду түзүлөрү айтылды. "АвтоВАЗ компаниясынын Granta, Vesta, Largus, Niva, Iskra сыяктуу үлгүлөрү да бул жакта чогултулат. Инвестордун айтымында, машинанын баштапкы баасы Россиянын колдоосу менен алгачкы үч жылда 15 пайыз төмөндөтүлүп коюлат. Болжолдуу миллион сомго жетпеген сумманын айланасында болот", — деп айтылат маалыматта. Мэрия долбоордун алкагында жергиликтүү билим берүү мекемелери менен келишим түзүлүп, окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүн жумуш менен камсыздоо маселеси да каралып жатканын кошумчалады.
Ош шаарынын Салиева көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 5-кабатынан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрт өчүрүү иштерине жалпы 2 бөлүм жана авто шаты тартылган.Мындан тышкары, Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу жана штаб тартылды. Өрт саат 10:46да чектөөгө алынды, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Турак үйдүн жашоочулары куткаруучулар тарабынан эвакуацияланган.
АКШ Украина боюнча чалгын маалыматтарын "Беш көз" деп аталган альянстагы өнөктөштөрү менен бөлүшүүнү токтотту. Бул тууралуу CBS телеканалы Американын Чалгын кызматындагы булактарына таянып жазганын РИА Новости билдирди. "Улуттук чалгын кызматынын директору Тулси Габбард бир нече апта мурда кайрылуу жасап, союздаш өлкөлөрдүн чалгын кызматтарына Россия менен Украина ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөр тууралуу эч кандай маалымат бербегиле деген көрсөтмө жолдоду", — деп айтылат билдирүүдө. Ошол эле учурда дипломатиялык байланыштардын алкагында чогултулган кабарларды алмашууга эч кандай тоскоолдук жок экени белгиленген. Сөз болуп жаткан альянстын курамына АКШ менен бирге Австралия, Канада, Жаңы Зеландия жана Улуу Британия кирет.Ушул жылдын 15-августунда АКШ президенти Дональд Трамп менен Россия лидери Владимир Путин Аляскада жолугуп, үч саатка чукул сүйлөшүшкөн. Тараптар Украина көйгөйүн жөнгө салуу жаатында биргелешип иштөөгө даярдыгын билдиришкен. Бүтүндөй дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурган окуядан кийин өлкө башчылар чогуу маалымат жыйын өткөрүп, сүйлөшүү конструктивдүү маанайда, мазмундуу болгонун айтышкан.