БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Батыштын Россияга койгон санкциялары РФтин экономикасын чөгөлөтө албастыгын, муну каршылашкан тараптар өздөрү деле жакшы билип турушканын айтты.
"Кабар" агенттигинин журналисти "Борбордук Азия Капитал Банкына" карата санкция кириши менен Россияга басым болобу же андан Кыргызстан эле кыйналабы деген тейде суроо узаткан.
Президент Россия мындан эч нерсе болуп кетпестигин айтып жооп берди. "Капитал Банк" да кыйналбастыгын белгилеген.
"Аталган банк Финансы министрлигинин алдында кандай иштесе, ошондой иштей берет", — деген ал.
Жапаров Батыштын РФке койгон чектөөлөрүнүн зыянынан пайдасы арбыныраак болуп жатканын белгилеген.
"Россияга санкция киргизип койду, эмне өзгөрдү? Тескерисинче, санкция киргенден кийин РФ көп тармактан өз өндүрүшүн, айыл чарбасын жогорку деңгээлге чыгарып алды. Мурда импорттогон продукцияларды азыр экспорттоп жатышат. Газ менен нефтисин мурда кандай экспорттосо, азыр деле ошондой сатып жатышат. Мисалы, Россиянын Сбербанкына санкция киргенден кийин бир жылдык таза кирешеси 2024-жылы 4,8 пайызга өсүп, 13 миллиард доллардан ашкан", — деген мамлекет башчы.
Ал санкциянын кесепети бардыгын, бирок таптакыр эле мөгдүрөп калгыдай эместигин белгилеген. Муну санкция киргизгендер деле билип, өздөрү деле Россия менен соода-сатык кылып жатканын айткан.
"Ал эми биздин банкка санкция киргизген Улуу Британия өзү 2024-жылы Россия менен 2,2 миллиард долларга соода жүргүзгөн. Бул өзүбүздүн муктаждык үчүн Россия менен деле иштеше беребиз деген кеп да", — деген Жапаров.
Ал санкциялык басым менен деле күнүмдүк оокат жүрө берерин айтып, сөзүн жыйынтыктаган.