Ала-Арчанын тоосунда адашкан эки россиялык альпинист тик учак менен куткарылды

Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Тик учактын жардамы менен Россиядан келген эки альпинист куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Чет элдиктер Ала-Арча капчыгайындагы Байчечекей чокусуна чыгышмак. Бирок караңгыда адашып, тоодо түнөөгө аргасыз болушкан. Чоку деңиз деңгээлинен 4 515 метр бийиктикте жайгашкандыктан куткарууга авиация тартылганы айтылат.
"Биз калың кардын алдында калдык, суу болуп тоңуп, шаймандарыбыздын да бир бөлүгүн жоготуп алдык. Өзүбүз түшө алмак эмеспиз. Бул өмүр менен өлүм маселеси болчу. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине куткарганы үчүн абдан ыраазымын", — деп билдирген альпинисттердин бири.
Куткаруучулар аларды дароо Бишкекке жеткирип, министрликтин медицина кызматынын дарыгерлери алгачкы жардам көрсөтүшкөн. Куткарууга AIRBUS H125 тик учагы тартылганы айтылды.
Россия ТИМи альпинист Наговицина боюнча Кыргызстанга ыраазылык билдирди