Радио

Дууланова: тарбиячы кесиби жакшы өнүгүп жатат

Агартуу министрлигинин Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун ага окутуучусу Индира Дууланова маяналардын көтөрүлүшү бул кесипке кызыгууну көбөйткөнүн билдирди.
Sputnik
Тарбиячы болгусу келген адамдардын саны жылдан-жылга көбөйүп жатат. Бул тууралуу Индира Дууланова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тарбиячылыкка окугандардын саны мындан он жыл мурункуга салыштырмалуу бир нече эсеге өскөн.
"Учурда тарбиячы деген кесип жакшы өнүгүп жатат. Мисалы, мен 2012-жылдан 2014-жылга чейин окугам, болгону алтообуз бүткөнбүз. Азыр тарбиячыларды даярдаган окуу жайда сабак берем, быйыл 26 киши бүттү. Ал эми сапаты тууралуу айтсак, көйгөйлөр жок эмес. Бирок жакшы өзгөрүүлөр бар. Мурда квалификацияны жогорулатканы баргыла деп мажбурлап жөнөтсөк, азыр өздөрүнүн кызыгуусу, аракети күч", — деди Дууланова.
Ошондой эле ал учурда тарбиячылардын жөндөмүн жакшырткан окуу борборлору да көбөйгөнүн кошумчалады.