Советтер Союзу 68 жыл мурда кубаттуу ракетасын учурган. Тарыхый видео

Р-7нин пайда болушу 1940-жылдардын башына, 1950-жылдардын соңуна туура келет. Аны долбоорлоо иштери 1954-жылдын июлунда аяктаган, ал эми ноябрда СССРдин Министрлер Советинин элегинен өткөн. Р-7 биринчи ирет Калининградда (азыр Королев шаары) №88 заводдо жасалган.
Sputnik
1957-жылы 21-августта Советтер Союзу биринчи ирет Р-7 баллистикалык ракетаны учурат. Биринчи сыноо ийгиликтүү ишке ашкан, кое берилген ракета мурда белгиленген жерге — Камчатка жарым аралына чейин жеткен.
Ракетанын жалпы салмагы 279 тонна, узактыгы 8000 чакырым болгон. Р-7 Сергей Королёвдун конструктордук бюросунун алдында түзүлгөн.
Р-7 жана анын модификациясы адамзат үчүн космостук жаңы доорду ачты. Ракета анын негизинде "Спутник", "Союз", "Восток", "Восход" жана "Молния" сыяктуу башкаларын түзүүгө мүмкүнчүлүк берген. Буларды жандоочуларды жана адамдарды космоско учурууда да колдонушкан.